Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:39

Акылбек Жапаров көмүскө экономиканын үлүшү 46% экенин айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстанда көмүскө экономиканын үлүшү 2023-жылы 46% болгонун билдирди.

Бул тууралуу ал 26-февралда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиялык жыйынында айтты. Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан видеодо Акылбек Жапаров 2000-жылдары өлкөдө көмүскө экономиканын үлүшү 247% чейин жеткенин кошумчалаган.

“Азыр дагы 50% соода-сатыгыбыз, акча төлөбөгөндөр катылып жатат. Биз ушунун үстүнөн иштешибиз керек. Анткени андан түшкөн салык, акча 7 млрд долларга жетип маданият тармагына, пенсия, жөлөк пулга кетип атат. Биз канчалык таза экономиканы түзсөк ошончолук саясий туруктуулук да болот, коррупция да азаят”, - деди ал.

2022-жылы Мамлекеттик салык кызматы 2023-2025-жылдардагы өнүктүрүүнүн стратегиясын бекиткен. Анда жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүгө багытталганы айтылган.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү 1-июлга чейин жылдырылган. (BTo)

XS
SM
MD
LG