Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:02

HRW казак бийлигин каракалпак активистин Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырды


Акылбек Муратов
Акылбек Муратов

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Казакстандын бийлигин камактагы каракалпакстандык активист Акылбек Муратовду (Акылбек Муратбай) Өзбекстанга өткөрүп бербөөгө чакырды.

"Муратбайга каршы Өзбекстанда козголгон кылмыш – бул активдүү укук коргоочудан өч алуунун ачык мисалы. Ага тагылып жаткан айыптар негизсиз жана кылмыш иши токтотулушу керек. Казакстан аны тез арада эркиндикке чыгарышы абзел", – деди уюмдун Борбор Азия боюнча улук изилдөөчүсү Мира Ритман.

HRW уюмунун 25-февралда жарыяланган билдирүүсүндө Казакстан кол койгон адам укуктары боюнча эл аралык келишимдер Астана менен Ташкенттин ортосундагы бардык эки тараптуу жана аймактык макулдашуулардан жогору турары белгиленген.

"Казакстан адам укуктары жаатындагы эл аралык укукка ылайык Муратбайды Ташкентке өткөрүп бербеши керек. Ал Өзбекстанда саясий негиздер менен куугунтукталышы мүмкүн. Активист негизсиз айыптоолор менен дагы бир күндү абакта өткөрбөшү үчүн, Казакстан аны тез арада эркиндикке чыгарышы зарыл", – деп жазылган билдирүүдө.

Акылбек Муратбай быйыл 16-февралда Алматыда кармалган. Шаардык полиция департаменти ал Өзбекстандын Ички иштер министрлиги тарабынан издөөдө экенин, аны мекенине экстрадициялоо маселеси каралып жатканын билдирген.

17-февралда сот активистти 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Акылбек Муратбай Өзбекстанда Кылмыш-жаза кодексинин "Жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" жана "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренелери боюнча шектелип жатканы кабарланган.

Адвокаттын айтымында, өзбек бийлиги активисттин 2022-жылы июлда Нукуста болгон окуялардын 500 күндүгүн эскерүү акциясына катышканын "жапырт башаламандыкка, жарандарга зомбулук көрсөтүүгө ачык чакырык жасоо" деп тапкан. 2023-жылы 13-ноябрда каракалпак активисттери 16 жылга соттолгон каракалпакстандык укук коргоочу Даулетмурат Тажимуратовдун урматына элди жарыкты 16 мүнөткө өчүрүүгө чакырышкан.

Муратовго "Коомдук коопсуздукка коркунуч келтирген материалдарды даярдоо, сактоо, таратуу" беренеси боюнча айып тагууга анын каракалпак активисти Кошкарбай Төремуратовдун ЕККУнун конференциясында сүйлөгөн сөзүн бөлүшкөнү себеп болгон.

Акылбек Муратбай Өзбекстандын жараны, 10 жылдан ашуун убактан бери Казакстанда жашап, каракалпак диаспорасынын лидерлеринин бири.

2022-жылы Каракалпакстанда болгон нааразылык акциялардан кийин Муратбай X социалдык түйүнүндөгү баракчасына куугунтукка кабылып жаткан каракалпактар жөнүндө билдирүүлөрдү жазып келген. Активист өткөн жылы октябрда Өзбекстандын укук коргоо кызматкерлери анын Навоидеги туугандарын коркутуп, алардан аны Каракалпакстандагы окуяларды чагылдырууну токтотууга көндүрүүнү талап кылышканын билдирген.

HRW уюму белгилегендей, Муратбай акыркы бир жарым жыл ичинде Өзбекстандын өтүнүчү менен Казакстанда кармалган алтынчы каракалпак активисти.

23-февралда Алматы акимчилигинин Иш менен камсыз кылуу жана социалдык программаларды координациялоо башкармалыгы Акылбек Муратбайга Казакстанда башкалка издеген адам күбөлүгүн бергени кабарланган. Казакстандын мыйзамдарына ылайык, мындай макамы бар адамдарды башка өлкөлөргө экстрадиция кылууга болбойт.

XS
SM
MD
LG