Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:03

Мажар парламенти Швецияны НАТОго кабыл алууга макулдук берди


 Ульф Кристерссон (солдо) жана Виктор Орбан (оңдо)
Ульф Кристерссон (солдо) жана Виктор Орбан (оңдо)

26-февралда Венгриянын парламенти Швецияны НАТОго кабыл алуу мыйзамын ратификациялады.

200 жылдан ашык бейтараптыкты карманып келген мамлекет Түндүк Атлантика альянсына мүчө болгон 32-өлкө болуп калды.

Парламенттин чечимине Венгриянын өкмөт башчысы кол коюшу керек. Би-Би-Си буга бир нече күн кетиши мүмкүн экенин жазды. Документке Виктор Орбан кол койгондон кийин НАТО Швецияга союзга кошулуусун өтүнүп, расмий кайрылат.

Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон 26-февралды "тарыхый күн" деп атап, өлкөсү "Түндүк Атлантиканын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алууга даяр" экенин айтты.

200 жылдан ашык бейтараптыгын сактап келген Швеция НАТОго кирүү арызын 2022-жылы августта, Орусия Украинага кол салгандан кийин Финляндия менен чогуу берген.

Финляндия НАТОго 2023-жылдын апрель айында уюмдун 31-мүчөсү болуп кабыл алынган.

Альянска кирүү үчүн андагы мүчө өлкөлөрдүн баарынын макулдугу керек. Швециянын союзга кириши Түркия менен Венгриянын позициясынан улам узарып кетти. Түркия макулдугун быйыл январда берди.

Виктор Орбан жана анын ФИДЕС партиясы Швециянын НАТОго кирүү жараянын кароону бир нече жолу жылдырган. ФИДЕСтин өкүлдөрү мажар парламентинин 5-февралдагы отурумуна катышуудан баш тарткан. Алар Венгрия менен Швециянын өкмөт башчылары жеке жолугушуусун талап кылган.

Ульф Кристенссен өткөң жумада Виктор Орбанга жолугуп, тараптар аскердик кызматташтык келишимин түзгөнү кабарланды.

XS
SM
MD
LG