Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Тумандан улам "Ош" аэропортуна учактар коно алган жок


Ош аэропорту. Архивдик сүрөт.
Ош аэропорту. Архивдик сүрөт.

Стамбул-Ош, Москва-Ош каттамындагы эки учак 27-февралдын таңында коюу тумандан улам "Ош" аэропортуна коно албай, "Манас" аба майданына конду. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, туман Ош-Жуковский жана Ош - Санкт-Петербург каттамдарындагы учактардын "Ош" аба майданынан учуп чыгуусуна да тоскоолдук кылып, рейстер кармалууда.

Каттамдар качан жанданары белгисиз.

Ал эми Бишкектен чет өлкөгө каттамдар өз убагында аткарылып жатат.

Аба ырайы кескин өзгөрүп, туман каптаган маалда Кыргызстандагы аэропорттордо каттамдар кармалган учурлар катталып келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG