Нарматова Орусиянын Оштогу консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин ырастады

Орусиянын Оштогу консулдугу жайгашкан имарат.

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат ага таандык экенин ырастады. Бул тууралуу ал 22-февралда парламенттин жыйынында депутат Дастан Бекешевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

“2009-жылы насыяга алган имаратка ушул күнгө чейин насыя төлөп келем. Мен аны бир жерден алып алган жерим жок. Кыргызстандын катардагы жараны катары мен ижарага бергем. Ал имаратты орус мамлекетинин консулдугу пайдаланып келет. Мыйзам боюнча эки тараптуу келишим Мамлекеттик каттоо кызматынан да бекитилген”, - деди ал.

Дастан Бекешев Надира Нарматова негизги автор болуп сунуштаган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорунда өкмөттүк эмес уюм кайсы мамлекеттен каржыланбасын “чет элдик өкүл” деп аталып каларын айтты.

“ПолитКлиника” медиасы 2022-жылы Орусиянын Ош шаарындагы консулдугу жайгашкан имарат Надира Нарматовага таандык экенин жазган. Иликтөөчү журналисттер Орусиянын дипломатиялык консулдугу имаратты 2009-жылдан бери ижарага аларын аныкташкан. “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан алынган расмий документтердин сүрөтү кошо жарыяланган.

Коомчулукта “чет элдик өкүл” деген ат менен таанылган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору 2023-жылы 25-октябрда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Автору Надира Нарматова “бул документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт” деп айтып келет.

“Адилет” укуктук клиникасы Надира Нарматова негизги автор болгон документти иликтеп чыгып, ал Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98% окшош экенин аныктаган.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу мыйзам долбоорун кабыл албоого чакырган. Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм бул документ Орусиядагыдай эле “бир катар бейөкмөт уюмдардын жабылышына” түртөрүн эскерткен.

Жогорку Кеңештин да айрым депутаттары Кыргызстанда өкмөттүк эмес уюмдар ансыз деле Салык кызматына каражаты тууралуу отчёт берип жатканын, документ алардын ишин көзөмөлдөп, жабууга чейин алып барарын билдирип жатышат. (BTo)

Дагы караңыз

Кылмыш тобу Жалал-Абаддагы абактан 6,5 миллион сом жыйнаганReuters: Иран январдан бери Орусияга жүздөгөн баллистикалык ракета жөнөттү Столтенберг: Навальныйга таазим этүүнүн эң жакшы жолу - Украинага жардам берүүИталиялык жазуучунун балдарга арналган чыгармасы кыргыз тилине которулдуИзраил Газанын Рафах шаарын бомбалоону күчөткөнү кабарланууда21-февраль: Сириядан кайтарылган жарандар, абактан бошогон бажычы, согушта каза тапкан орус жоокерлери