Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:11

Италиялык жазуучунун балдарга арналган чыгармасы кыргыз тилине которулду


Сюзанна Тамаронун кыргызча которулган китеби.
Сюзанна Тамаронун кыргызча которулган китеби.

Италиялык белгилүү жазуучу, режиссер Сюзанна Тамаронун балдарга арналган “Папирофобия” аттуу чыгармасы кыргыз тилине которулду.

Аны “Китептен корккон бала” деген аталышта Bugupress басма үйү басып чыгарды. Китепти аталган басма үйүнүн жетекчиси Жаныбек Абидетегин кыргызчалаган.

Тамаронун бул чыгармасында жаш муундун психологиясы, чечими, тандоосу, балдар менен ата-энелер ортосундагы мамиле диалог аркылуу чагылдырылган. Китеп 2 миң нускада жарык көрдү.

Кыргызстанда соңку жылдары балдар адабиятын жандантуу аракети жүрүп жатат. Былтыр Маданият министрлиги Жазуучулар бирлигине бөлгөн 15 млн сом адабий котормого, балдар адабиятына жана мурда жарыяланбаган авторлордун эмгектерин чыгарууга жумшалары кабарланган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кыргызстанда 2022-жылы 1367 китеп жана китепчелер басылып чыккан. Алардын басымдуусу кыргыз тилинде. Жылдык нуска 1,6 миллионго жетип, миң кишиге 250 китеп туура келген.

Ага чейин, 2021-жылы 685 миң нускада китеп жана китепчелер жарык көрүп, миң адамга 107 китеп туура келери эсептелген.

XS
SM
MD
LG