Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:56

Израил Газанын Рафах шаарын бомбалоону күчөткөнү кабарланууда


Деир ал-Балах. Газа тилкеси. 21-февраль, 2024-жыл
Деир ал-Балах. Газа тилкеси. 21-февраль, 2024-жыл

Израил Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарын бомбалоону күчөткөнүн Рейтер агенттиги шаршембиде жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап кабарлады.

ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук деп таанылган уюм) радикал тобу башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, согушта каза болгон жайкын палестиналыктардын саны 29 313 кишиге жетти.

Израил армиясы Рафахтын түндүгүндөгү Хан Юнис шаарында операцияларын күчөткөнүн билдирди. Бирок бир жарым миллиондой качкын баш калкалаган Рафахтын өзүнө чабуул коюлуп-коюлбаганы айтылган жок.

Израил башка өлкөлөрдүн, анын ичинен өнөктөшү АКШнын каршылыгына карабай, Рафахта жердеги операциясын даярдап жатканын эскерткен.

АP агенттиги шаршембиге караган түнү Газада 67 киши каза тапканын, соккулар карапайым эл жашырынган жерлерге да урулганын кабарлаган.

Деир ал-Балахтагы Ал-Акса ооруканасы 44 сөөктү алып келишкенин билдирди.

Ушул эле күнү “Чек арасыз дарыгерлер” израилдик аскерлердин операциясы маалында уюмдун кызматкерлери жашаган турак жайга дүрмөт тийгенде эки киши окко учканын маалымдады. Алар кызматкерлердин үй-бүлө мүчөлөрү экени такталды. Окуянын башка чоо-жайы белгисиз.

Былтыр 7-октябрда ХАМАС тобу Израилдин аймагына кол салып, 1200дөй адамды өлтүргөн, 200дөн ашуун адамды барымтага алып кеткен, алардын жарымына жакыны бошотула элек. Жөөт армиясы бул үчүн Газага кирип, аскердик операциясын баштаган.

Газада гуманитардык абал курчуп, жашоочулар ачарчылык, жугуштуу оорулардын жайылуу коркунучуна кептелди.

XS
SM
MD
LG