Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:25

Столтенберг: Навальныйга таазим этүүнүн эң жакшы жолу - Украинага жардам берүү


Йенс Столтенберг “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маек куррууда
Йенс Столтенберг “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна маек куррууда

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна курган маегинде орус оппозициясынын лидери Алексей Навалныйдын түрмөдөгү табышмактуу өлүмү жана украин аскерлеринин Адеевкадан чыгарылышын комментарийледи. Баш катчы белгилегендей, бул эки окуя тең альянстын жана өнөктөштөрдүн көңүлүн Украинага аскердик жардамды көбөйтүү зарылдыгына бурдурушу керек.

«Навальныйдын жаркын элесине таазим кылуунун эң жакшы жолу Путиндин согуш талаасында утушунун алдын алуу, Украинанын артыкчылыгын камсыз кылуу деп ишенем», - деди Столтенберг.

Баш катчы бир нече айга созулган катуу салгылашуулардан кийин украин аскерлеринин Авдеевка шаарынан чегиниши да Украина ири көлөмдөгү аскердик колдоого муктаж экенин көрсөткөнүн кошумчалады. Навалныйдын колониядагы өлүмү жана экспертизанын кечеңдеши Кремль режиминин авторитардык мүнөзүнө жакындан байкоо салуу керектигин көрсөтүүдө, - деп улантты Столтенберг.

Ал ошондой эле АКШнын Өкүлдөр палатасы Киевге 61 млдр доллар аскердик жардам берүүнү жактыра албай жаткан кезде башка мамлекеттер, арасында Швеция, Канада жана Жапония өз көмөгүн көбөйтүп жатканын билдирди.

Муну менен катар баш катчы украин армиясы F-16 бомбалоочу учактарды качан алат деген суроого жооп бере алган жок. Киев ал учактарды берүүнү эки жылдан бери сурап келатат. Столтенберг бардык өнөктөштөр учактарды тезирек берүүнү колдошот, бирок бул үчүн пилоттор менен механиктерди даярдоо керек деп, бул соболду аскердик эксперттерге узатуу зарылдыгын айтты.

XS
SM
MD
LG