Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:27

Кылмыш тобу Жалал-Абаддагы абактан 6,5 миллион сом жыйнаган


Кыргызстандагы абактардын бири, иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы абактардын бири, иллюстрациялык сүрөт.

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө камактагылардан опузалап акча алууга жардам берген деп шек саналган Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайынын С.у.Н аттуу мурдагы башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады.

Бул ишке байланыштуу кылмыштуу топтун эки мүчөсү - Ош шаарынын тергөө абагында "положенец" макамы бар А.Т.К. жана Жалал-Абад шаарынын ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында “көзөмөлдөөчү” болгон М.М.А. кармалды. Шектүүлөр атайын кызматтын тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери уланып жатат.

Тергөөнүн маалыматында, кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайдын ичинде ээн-эркин жүрүүгө шарт түзүлүп, абактагылардан ири суммадагы акча талап кылышкан. Аргасыздан камалгандар сырттагы жакындарына электрондук капчык аркылуу акча которууну суранышкан. Убактылуу кармоочу жайдан 2023-жылы мындай схема менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү 6,5 миллион сом жыйнашкан.

Өткөн жылдын 31-декабрында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бул жылы дагы уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш уланарын, эми абактар тартипке салынарын эскерткен.

11-январда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАК) өлкөдөгү түрмөлөрдө, түзөтүү мекемелеринде жана тергөө абактарында криминалдык идеологияга каршы иш-чаралар өткөрүлө баштаганын билдирген.

Былтыр октябрда Бишкекте уюшкан кылмыш тобунун анабашы аталган Камчы Көлбаев УКМКнын атайын операциясында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат аны менен байланышта болгон, кылмыштуу топтун өкүлү деп шек саналган 40тан ашуун адам кармалганын, 1 миллиард долларлык актив камакка алынганын жарыяланган. Уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар "220дан ашуун мамлекеттик кызматкер аныкталганын, көбү кызматтан алынганын" кабарлаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG