Ташиев Бишкекте жаңы стадион эки жылда курулуп бүтөрүн айтты

Камчыбек Ташиев.

Кыргыз футбол союзунун президенти, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Бишкектин чет-жакасындагы Орок айылына салына турган стадиондун курулушу эки жылда аяктай турганын билдирди. Бул тууралуу ал 19-февралда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

“10-15 күндүн ичинде курулушу башталат. Биз жаңы стадионду эки жылда куруп бүтөбүз деп ойлоп атабыз. Эки жылда 40 миң киши бата турган стадион курулуп бүтөт. Бирок биз быйыл Дөлөн Өмүрзаков стадионун оңдойбуз”, - деди ал.

Кыргыз футбол союзунун 19-февралдагы кезексиз конгрессинде Камчыбек Ташиев Кыргызстандын Футбол уюмунун жетекчиси болуп шайланды.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 30-августунда Бишкек шаарынын чет-жакасындагы Орок айылында жаңы стадиондун курулушуна капсула салган.

Долбоорго ылайык, жаңы стадиондун жалпы аянты болжол менен 109 миң чарчы метрди түзөт. Анда ачык жана жабык VIP-орундар, ошондой эле комментаторлор менен журналисттер үчүн 200 орун каралган. Стадиондун долбоорунда 1,5 миң жеңил машина жана 100 автобус токтотуучу жай бар. Эки кабат трибуна, анын астында жылуу жайлар, галереялар, оюн талаасы көрүнө турган жана баш калка боло турган курулмалар болот деп айтылган.

Стадион куруу үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынан 20,78 гектар жер бөлүп берилген.

Бишкектеги азыркы Дөлөн Өмүрзаков атындагы жалгыз ири стадион 1941-жылы курулган. Ал 18 миң көрүүчүгө эсептелген. (BTo)

Дагы караңыз

Ошто "Яндекс такси" кызматына нааразы болгондор акцияга чыгыштыДепутат Осмонов Райымбек Матраимов менен мамилеси жок экенин айттыКамчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайландыСадыр Жапаров менен Владимир Путин Орусияда жолугушат Депутат Түркиядан окуп келген 30 дарыгер ишсиз калганын билдирдиФутбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеттиАйыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталды