Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Депутат Осмонов Райымбек Матраимов менен мамилеси жок экенин айтты


Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы. Райымбек Матраимов ортодо. Оң тарабында депутаттар Алишер Козуев, Шайлообек Атазов сол жагында Айбек Осмонов, Нурлан Ражабалиев жана Марлен Маматалиев отурат.
Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы. Райымбек Матраимов ортодо. Оң тарабында депутаттар Алишер Козуев, Шайлообек Атазов сол жагында Айбек Осмонов, Нурлан Ражабалиев жана Марлен Маматалиев отурат.

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов “Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго байланышы бар үчүн мандатын тапшырышы керек” деген сөздөргө комментарий берди.

Ал “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып Матраимовдор негиздеген “Исмаил-Ата” коомдук кайрымдуулук фонду курган Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышына кимдин чакыруусу менен барганын айтып берди.

“Райымбек Матраимов менен бир райондон болобуз. Бир жерден болгондон кийин бири-бириңди тааныйсың да. Ал эми Искендер Матраимов менен мурдатан эле тааныштыгым бар. Region каналы эмненин негизинде чыгарды билбейм. Муфтияттын ачылышына муфтийдин Жогорку Кеңештеги өкүлү жана Искендер Матраимовдун чакыруусу менен баргам. “Депутаттар ушул жерге отурат” деп көрсөтүп берген жерине отурганбыз. Ал жерге Райымбек Матраимов да келип, биздин жаныбызга отурган. Балким ушундан улам “мамилеси бар” дап айтып жатышса керек”, - деди ал.

Айбек Осмонов 2023-жылы 27-августтагы муфтияттын имаратынын ачылышына Райымбек Матраимовдун жанында отурган. Ал иш-чарага Айбек Осмоновдон башка депутаттар Марлен Маматалиев, Алишер Козуев, Таалайбек Масабиров, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев Райымбек Матраимовду жандап жүргөн.

15-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге жакын экени айтылып жүргөн Region телеканалында Искендер Матраимов, Надира Нарматова, Айбек Осмонов, Шайлообек Атазов жана Нурлан Ражабалиев мандатын тапшырышы керек деген өңүттөгү бир нече материал жарыяланды.

2021-жылы Райымбек Матраимов менен чогуу соттолуп, айып пул төлөгөн Абдыбахаб Боронбаев 14-февралда депутаттык мандатын тапшырган.

УКМК 8-февралда Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек менен Ош шаарларындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн.

Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү делген 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлду.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында кыргыз бажысында башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган. Учурда Райымбек Матраимов каякта экени белгисиз. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG