Президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 20-21-февраль күндөрү Орусияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Маалымат боюнча, Садыр Жапаров Казань шаарында “Келечек оюндары” эл аралык мультиспорттук мелдештердин расмий ачылышына катышып, иш-чаранын алкагында Владимир Путин жана Татарстандын башчысы Рустам Минниханов менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.
Мамлекет башчынын басма сөз кызматы жолугушууларда кыргыз-орус кызматташтыгы, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелер талкууланарын кабарлады. (BTo)
Дагы караңыз
Камчыбек Ташиев Кыргыз футбол союзунун президенти болуп шайландыДепутат Түркиядан окуп келген 30 дарыгер ишсиз калганын билдирдиФутбол союзунун президенти Медербек Сыдыков кызматтан кеттиАйыл чарба министрлигинде 472 млн сомдук мыйзам бузуу аныкталдыНарматова Райымбек Матраимов менен байланышы жок экенин айттыӨкмөт социалдык маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларын көзөмөлдөйт