Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча соңку соттук отурум адвокаттардын катышуусуз улантылганына түшүндүрмө берди. Мекеменин басма сөз кызматы маалыматты 15-февралда таратты.
Түшүндүрмөдө айтылгандай, 14-февралдагы соттук жараянда 4 айыпталуучуну жактап жаткан адвокат ооруп калгандыктан соттук отурумга келе албай калган. Сот жагдайды эске алып, отурумду анын катышуусуз улантуу чечимин чыгарган. 10 айыпталуучу буга нааразылык билдирип, кыйкыргандан улам сот аларды залдан чыгарууну чечкен. Алар залдан чыгууга каршылык билдиришкендиктен процесске танапис жарыяланган.
Тыныгуудан кийин айыпталуучулардын айрымдары келбей калган. Сот мыйзамда уруксат берилген нормаларды эске алып, прокурорлорго айыптоо актысын окууга уруксат берген.
Соттун басма сөз кызматы бул иш боюнча 22 соттук отурум өткөнүн, анын 11и адвокаттардын келбей калгандыктан, 7си айыпталуучулар келбей калгандыктан жылып кеткенин тактаган. Дагы 3 ирет адвокаттардын материалдар менен таанышуу өтүнүчүнөн улам кароо артка жылган. Түшүндүрмөдө сот ушул жагдайларды эске алуу менен кароону улантууну чечкени, адвокаттары келбей калган айыпталуучулардын иши токтотулуп турары айтылат.
14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда айыпталуучулар соттун аракетине наарызылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүшө кеткен. Буга айыпталуучулардын адвокаты ооруп калып отурумга келбей калганы, судья ага карабай сотту өткөрүп жатканы негиз болгону айтылган. Бул окуядан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, ортодо танапис жарыяланган. Түштөн кийинки отурумга айыпталуучулар алынып келинген эмес.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.
Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)
Дагы караңыз
Садыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырып, мамлекетке 1 млн сом төлөгөнүн айттыТогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилдиМилиция төрөттөн каза болгон келиндин өлүмү боюнча териштирүү баштадыМадумаровдун сотунда абакта жаткан саясатчы Бекназаров көрсөтмө бердиНАТОнун коргоо министрлери Украина маселесин талкуулап жатышат