Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:07

НАТОнун коргоо министрлери Украина маселесин талкуулап жатышат


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

Бельгиянын борбор шаары Брюсселде НАТОнун башкы кеңсесинде бүгүн 15-февралда бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин жыйыны өтүүдө. Талкууланып жаткан негизги маселе – Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп жаткан Украинага аскердик жардамды улантуу жана НАТОнун курамындагы 31 мүчө өлкөнүн аскердик чыгымдарынын көлөмүн көбөйтүү.

Бүгүнкү саммитти утурлай журналисттерге курган маегинде НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг АКШнын Украинага жардамы уланарына, 61 миллиард долларлык колдоо тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынарына үмүттөнөрүн айтты:

«Эгер президент Путин Украинада ута турган болсо, бул анын өзүнө гана эмес, башка авторитардык лидерлерге да каалаганын күч колдонуп тартып алса боло берет турбайбы деген белги болот. Дүйнөнү бул ого бетер коркунучка кептейт».

АКШ Конгрессинин демократтар үстөмдүк кылган жогорку палатасы – Сенат 13-февралда Украинага, Израилге жана Тайванга жалпысынан 95 миллиард долларлык каржылык жардам камтылган мыйзам долбоорун кабыл алган.

Эми документ Конгресстин республикачылар көпчүлүктү түзгөн Өкүлдөр палатасынын кароосуна жөнөтүлөт. Ал жакта бул мыйзам долбоору колдоо табарына шарт кыйла азыраак экени айтылып жатат.

Бул мыйзам кабыл алынса АКШнын Украинага эки ай мурда токтогон аскердик жардамы кайра улана баштайт.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн жаңы башкы командачысы Александр Сырский фронттун орус аскерлери чабуулдарын күчөткөн Авдеевка жана Купянск багыттарын барып көрүп келгенин 14-февралда билдирип, «Абал өтө оор жана чыңалган. Орусиялык оккупанттар күчтөнүүсүн улантып жатышат, алар саны жагынан да көбүрөөк болууда», — деп айтты. (RK)

XS
SM
MD
LG