Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:59

Садыр Жапаров 20 млн долларлык мүлкүн мыйзамдаштырып, мамлекетке 1 млн сом төлөгөнүн айтты


Президент Жапаровго таандык имарат. Бишкек.
Президент Жапаровго таандык имарат. Бишкек.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда кирешени легалдаштыруу боюнча мыйзам 1-июлга чейин күчүндө болорун кыргызстандыктарга эскертип, үлгү катары өзү да мүлкүн мыйзамдаштырганын айта кетти.

Мамлекет башчы мындай кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына 15-февралда жазды.


Ал Бишкектин Киев жана Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишиндеги имараттын сүрөтүн жарыялап, бул жана башка имараттары мурда башкаларга катталганын, эми мыйзам чегинде өзүнө каттатканын билдирди.

"Албетте, жогоруда айткандай, менин имараттарым да мурда башка бирөөлөргө катталган. Эми легалдаштыруу мыйзамынын негизинде өзүмө каттаттым. Мен өзүм башкаларга үлгү көрсөтөйүн деп биринчилерден болуп легалдаштырдым. Кыскасын айтканда, бардык мүлктөрүмдүн баасы 20 миллион доллардын тегереги болот экен. Легалдаштыруу үчүн мамлекетке бир миллион сом төлөп бердим", - деген Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров чет өлкөдө каткан акчасы жоктугун, болсо алып келип Кыргызстандагы банктарга саларын кошумчалады.

Мамлекет башчы кирешелерин, мүлктөрүн башкаларга каттап, чет өлкөлөрдө жашырып жүргөн кыргызстандык бай жарандарга кайрылып, мүлктөрүн өздөрүнө каттап, кирешелерин легалдаштырууга чакырды. Бул үчүн алардын коопсуздугуна мамлекет 100% кепилдик берерин эскертти. Эч кандай сурак болбосун, мындан ары ички жана тышкы инвесторлор үчүн бейиштей шарттарды түзүп берүүгө мамлекеттин бардык күчү жумшаларын белгиледи.

“Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” мыйзам долбоору былтыр кабыл алынган.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров парламентте талаш жараткан мыйзам долбоору жөнүндө пикирин айтып, анын максаты коррупционерлердин арам акчасын адалдоо эмес, чет өлкөдө мүлкүн жашырган ишкерлердин, мурдагы аткаминерлердин акчасын өлкөгө алып келүү экенин билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG