Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:42

Мадумаровдун сотунда абакта жаткан саясатчы Бекназаров көрсөтмө берди


Азимбек Бекназаров саясатчы Адахан Мадумаровдун сотунда көрсөтмө берип жаткан учур. 15-февраль, 2024-жыл.
Азимбек Бекназаров саясатчы Адахан Мадумаровдун сотунда көрсөтмө берип жаткан учур. 15-февраль, 2024-жыл.

15-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши боюнча соттук териштирүү уланды. Отурумда Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта жаткан оппозицияык саясатчы Азимбек Бекназаров күбө катары көрсөтмө берди.

Бул жолку соттук жараян ушуну менен аяктады.

13-февралдагы соттук отурумда күбөлөр суралып жаткан учурда судья Адахан Мадумаровго үч жолу эскертүү берип, сот залынан чыгарып салган жана жараян анын катышуусуз уланган.

Адахан Мадумаровго эки кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилген.

Биринчиси - Кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн ага “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылууда. Президент Садыр Жапаров буга чейинки маектеринде ошол протоколдун айынан Баткендеги Төрт-Көчө талашы жаралып жатканын билдиргени бар. Адахан Мадумаров ал протоколдун юридикалык күчү жок экенин айтып келет.

Саясатчыны былтыр Бишкекте 2-сентябрда жашы жете элек уулун жетелеп жүргөн жеринен милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери кармап кеткен. Ошондон бери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында жатат.

Экинчиси - Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул факты боюнча “Алдамчылык” беренеси менен кине коюлган.

Адахан Мадумаров коюлган айыптарды четке кагып, мунун баарын саясий куугунтук деп сыпаттап келет.

Саясатчынын иши боюнча Биринчи Май райондук сотунда жумасына эки жолу соттук отурум өтүп жатат. Ушул күнгө чейин 40ка жакын адам күбө катары көрсөтмө берди. Алардын арасында азыркы жана мурдагы чиновниктер да бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG