Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:13

Тогуз-Тородо хоккей аянтчасы ишке берилди


Тогуз-Тородогу муз аянтчасы. Февраль, 2024-жыл.
Тогуз-Тородогу муз аянтчасы. Февраль, 2024-жыл.

Тогуз-Торо районунда хоккей аянтчасы курулуп, ишке берилди. Аянтчанын ачылышы өткөн дем алыш күндөрү болуп, анда Миң-Куштун жана Тогуз-Торонун хоккейчилери беттешкен.

Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдалы Аскарбековдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ачык асман алдындагы аталган аянтчаны курууга Каргалык айыл өкмөтүнүн бюджетинен жана Тогуз-Торо өнүктүрүү фондунан 1,5 млн сом сарпталган.

Аянтчанын курулушу 2019-жылы башталып, каржы маселесинен улам аягына чыкпай келген. Аянтчада эми жаш хоккей ышкыбоздору машыгып, жергиликтүү мектеп лигасынын оюндары өтүп турат.

“Максатыбыз - жаш хоккейчилерди тарбиялап, облустук, республикалык мелдештерге даярдануу. Бизде азырынча машыктыруучу жок. АКШ жана башка өлкөлөрдөн хоккей тармагындагы ыктыярчыларды алып келип, балдарды машыктырсак дейбиз”, - деди Аскарбеков.

Тогуз-Торо хоккей лигасынын президенти Турдалы Аскарбековдун Тогуз-Торо ФМ жамааттык радиосуна курган маеги:

Тогуз-Тородо курулган аянтчадай эле муз аянттары Жумгал жана Ат-Башы райондорунда да бар.

Тогуз-Торо хоккей лигасы 2019-жылы түзүлгөн. Анда мектеп окуучуларынан түзүлгөн командалар ойношот. Буга чейинки мелдештер Каргалык айылында, жергиликтүү тургундун короосундагы муз аянтчасында өтүп келген.

Кыргызстанда хоккей боюнча бир нече лига бар. Андан сырткары Жогорку дивизиондо Кыргызстандын чемпионатынын оюндары өтүп келет. Хоккей боюнча улуттук курама команда бир нече жолу эл аралык мелдештерде жеңишке жеткен.(ECh)

XS
SM
MD
LG