ТИМ Алматы базарында "кыргызстандыктарга басым болуп жатат" деген депутатка жооп берди

Казакстандын Алматы шаарындагы “Алтын ордо” базарынын бир бөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) депутат Жанарбек Акаевдин Казакстандын Алматы шаарындагы “Алтын ордо” базарында иштеген кыргыз ишкерлеринин абалы тууралуу айтканына жооп берген билдирүү таратты. Анын тексти мекекеменин сайтына жарыяланды.

ТИМ анда аталган базарда соода кылган кыргыз жарандары алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугуна кайрылганын тактаган.

Башкы консулдук буга байланыштуу Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Алматы шаарындагы өкүлчүлүгүнө жана Алматы облусунун Карасай райондук полиция бөлүмүнө тиешелүү кайрылуу (нота) жөнөткөн. Кыргыз консулу жакынкы күндөрү “Алтын ордо” соода комплексинин жетекчилиги менен жолугушууну пландаштырып жатат.

“Учурда Казакстан тарап бул жагдайды жөнгө салуу боюнча Башкы консулдуктун кайрылуусун карап жатат. Арыз ээлерине ар тараптуу консулдук-укуктук жардам көрсөтүлүп, Казакстандун колдонуудагы мыйзамдарынын алкагында жаралган маселени чечүү үчүн жактоочу алуу боюнча сунуштар берилди. Бул маселе министрликтин жана Кыргызстандын чет өлкөдөгү мекемесинин көзөмөлүндө турат”, – деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 14-февралдагы жыйынында Казакстанда кыргызстандык мигранттарга жана ишкерлерге кысым болуп жатканына даттанган кайрылуулар түшүп жатканын билдирген. Ал Алматыда камалган кыргызстандык ишкер Эрмек Маркабаевдин ишине байланыштуу ал жакта иштеген башка кыргыз соодагерлерине басым болуп жатканын айткан. Депутат буга байланыштуу Тышкы иштер министрлигинен түшүндүрмө талап кылган.

Алматыдагы ири базарлардын бири “Алтын ордонун” аткаруучу директору, кыргызстандык Эрмек Маркабаевди казак полициясы былтыр 2-июнда кармап кеткен. Ал ошондон бери ал Алматынын тергөө абагында отурган.

Алматы облусунун Карасай райондук соту 5-февралда аны "Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатын көздөбөстөн мыйзамсыз алып жүрүү" деген берене менен айыптуу деп таап, 4 жылга жалпы режимдеги абакка кести.

Отурумда Маркабаев акыркы сөзүн сүйлөп, өзүнө коюлган айыптарды четке какканын анын уулу Алтынбек Маркабаев “Азаттыкка” билдирген. Ишкердин аялы Роза Каримова соттун чечими чыккандан кийин казак президенти Касым-Жомарт Токаевге видео кайрылуу жасап, жолдошуна "жалган жалаа жабылып жатканын" айткан.

“Алтын ордо” базарын бир топ жыл мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин бир тууган иниси, былтыр каза болгон Болот Назарбаевге тиешелүү компаниялар башкарып келген. 2022-жылкы Январь окуясынан кийин президент Токаев бул базарды иретке келтирүү тууралуу атайын тапшырма берген соң, кожоюндары алмашкан. Ошондон бери базардын айланасындагы чуу басылбай келет. Мурдагы ээлери азыркыларын "базарды рейдерлик жол менен басып алды" деп айыптаган.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов Маркабаевге жолугуп чыкканын, ал базарды тартып алуу аракети жүрүп жатканын айтып бергенин, анын ишинде бир топ күмөндүү жагдайлар бар экенин “Азаттыкка” билдирген. (ErN)

Дагы караңыз

УКМК криминалдардан кысым көргөн ишкерлерди органдарга кайрылууга чакырдыКыргызстанда 2022-жылы 41, былтыр 38 аял төрөттөн каза болгонПарламентте мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мыйзам долбоору талкууга түштүЖалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди үй камагына чыгардыЖээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум адвокатсыз улантылганын айыптадыЧет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайды