Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди үй камагына чыгарды


Али Эргешев Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт. 13-февраль, 2024-жыл.
Али Эргешев Инстаграм баракчасына жарыялаган сүрөт. 13-февраль, 2024-жыл.

15-февралда Жалал-Абад шаардык соту блогер Али Эргешевди 13-мартка чейин үй камагына чыгарып, сот залынан бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлери аны 13-февралда эл аралык “Манас” аэропортунан кармап, Жалал-Абадга алып кеткен. Мекеменин маалыматына ылайык, Али Эргешев 2023-жылдын май айында болгон бейбаштык окуясы боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, издөөдө жүргөнү айтылган.

Ага чейин Али Эргешев Инстаграмдагы баракчасына видео, фото жарыялап, аны укук коргоо кызматкерлери кармаганын билдирген.

Видеодо ал “күч органдары ал издөөдө жүргөнүн билдирип, эл аралык “Манас” аэропортунан кармаганын”, “бул анын ишмердиги менен байланыштуу экенин, эч кандай мыйзам бузбаганын” кошумчалаган.

Али Эргешев Ютубдагы “Эл билсин” каналын иштетет жана бул долбоордун автору. Ал Кыргызстандагы тамактануучу жайлардын санитардык абалы, мамлекеттик мекемелердин калкка көрсөткөн кызматынын сапаты тууралуу видеолорду жарыялап келген. Ар кандай мыйзам бузуулар тууралуу элдин кайрылууларын чыгарат.

Каналдын 130 миңге жакын катталуучусу бар. (BTo)

XS
SM
MD
LG