Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Парламентте мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү мыйзам долбоору талкууга түштү


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 15-февралдагы жыйынында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү долбоору биринчи окууда каралды. Документте мамлекеттин карамагында турган мүлктөрдү менчиктештирүү Министрлер кабинети иштеп чыккан программанын негизинде ишке ашары жазылган. Азыркы мыйзамга ылайык, бул программаны өкмөт иштеп чыккандан кийин Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек.

Долбоордун автору депутат Дастанбек Жумабеков мыйзамды Конституцияга шайкеш келтирүү жана процессти тездетүү максатында даярдаганын билдирди.

Айрым депутаттар мамлекеттин мүлкүн менчиктештирүү ишин өкмөт Жогорку Кеңешти катыштырбай чечип коюуга каршы пикирин айтышты.

“Өкмөттө бир нече адамдар бар, кээде алар мамлекетке каршы иштеп коёт. Муну 90 депутаттан өткөрүп койгондун эмнеси жаман? Эл өкүлдөрү талкуулап, ал мүлктү берип же бербешти чогуу чечкени жакшы да. Бул жерде Жогорку Кеңештин укуктарын кыскартып эле жатышат, парламент барып-барып нотариуска айланып калабы?”, - деди депутат Шайлообек Атазов.

Жумабеков мыйзамды Конституциядагы нормаларга шайкеш келтирүү ниетин көздөрүн, мында башка кызыкчылыктар жок экенин айтты.

Дагы бир депутат Элдар Абакиров мамлекеттин эсебиндеги стратегиялык маанидеги объектилерди менчиктештирүү Жогорку Кеңеште каралышы керектигин сунуш кылды. Депутат Марлен Маматалиев “мындай норма Жогорку Кеңештин буга чейинки бардык чакырылышында болбогонун, элдин мүлкүнүн тагдырын жалпы калктын атынан сүйлөөгө укугу бар парламент гана чечиши керектигин” айтты.

Жыйында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов өкмөттүн корутундусунда Министрлер кабинети мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасын Коопсуздук кеңеши менен макулдашып кабыл алууну сунуштаганын билдирди.

Жогорку Кеңеш аталган мыйзам долбоорунун концепциясын биринчи окууда кабыл алды.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 5-майдагы кайрылуусунда мамлекетке караштуу мүлктүн көпчүлүгүн сатууну сунуштаган. Калганы тийиштүү министрликтерге, комитеттерге жана башка органдарга өткөрүлмөй болгон.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев соңку учурда криминал менен күрөштөн 1 млрд 200 миллион долларлык каражат өндүрүлгөнүн, мунун арасында кыймылсыз мүлк катары алынган объектилер да бар экенин былтыр ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Атайын кызмат криминал менен күрөшүн улантып, мыйзамсыз алынган мүлктөр мамлекетке кайтарылып жатканын утур-утур жарыялап келет.

XS
SM
MD
LG