Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:11

Жээнбеков Кемпир-Абад иши боюнча соттук отурум адвокатсыз улантылганын айыптады


Равшан Жээнбеков соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.
Равшан Жээнбеков соттук отурумдардын биринде. Архивдик сүрөт.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, тергөө абагында отургандардын бири Равшан Жээнбеков соңку соттук отурум жөнүндө билдирүү жасап, процесс адвокаттардын катышуусуз улантылганын айыптады. Ал бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасында жазып, сот учурунда сүйлөгөн сөзүнүн видеосун жарыялады.

“Булар адвокатыбыз жок туруп сот өткөрүп жатышат. Мындай нерсе тарыхта биринчи жолу болуп жатат. Бул мыйзамсыз”, – деди анда Равшан Жээнбеков.

15-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов Кемпир-Абад иши боюнча сотто айыпталуучуларга жасалган мамиле боюнча парламентте Башкы прокуратуранын маалыматын угуу демилгесин көтөрдү. Депутат сотто “кемпирабадчыларга” орой мамиле жасалып, укуктары бузулуп жатканын айтты.

14-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук жараянда айыпталуучулар соттун аракетине наарызылык билдирип, коштоп жүргөн аскерлер менен түртүшө кеткен.

Буга айыпталуучулардын бири Илгиз Шаменовдун адвокаты ооруп калып отурумга келбей калганы, судья ага карабай сотту өткөрүп жатканы негиз болгону айтылган. Бул окуядан кийин сот залында ызы-чуу чыгып, ортодо танапис жарыяланган. Түштөн кийинки отурумга айыпталуучулар алынып келген жок.

Прокурорлор айыптоо актысын айыптоочулардын катышуусуз окуду. Адвокаттар муну Жазык-процесстик кодексинин нормаларын жана айыпталуучулардын укуктарын бузуу катары баалашууда.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 11 киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (ErN)

XS
SM
MD
LG