Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Чет жактагы мигранттардын Кыргызстанга акча которуусу азайды


Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын валютасы – сом жана АКШнын валютасы – доллар. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы чет жакта иштеген кыргызстандыктар мекенине 2 млрд 706,1 млн АКШ долларын которду. Бул тууралуу Улуттук банктын акча которууларга байланыштуу баяндамасында кабарланат.

Бул андан мурдагы жылга караганда 12%га аздык кылат. 2022-жылы чет жакта жүргөн жеке жарандар Кыргызстанга 3 млрд 86 млн доллар жөнөтүшкөн.

Былтыр 12 айда келген акчанын 2 млрд 531 млн доллары Орусиядан келген. Калган каражаттар АКШ, Түркия, Казакстан, Германия, Улуу Британия жана башка мамлекеттерден жөнөтүлгөн.

2023-жылдын октябрында Tazabek басылмасы Улуттук банктын 10-15 жылдык маалыматтарын талдап чыгып, Орусиядан Кыргызстанга акча которуулар 2010-жылкы минимумга чейин түшүп кеткенин кабарлаган.

Жеке адамдардын Кыргызстандан чет өлкөлөргө акча которуусу да дээрлик эки эсе кыскарды. 2022-жылы сыртка акча жөнөтүү 1 млрд 213,5 млн доллар болсо, 2023-жылы чет жакка 561,2 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат чыгып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG