Бишкекте өспүрүмдөр иштеген объектилер текшерилди

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы текшерүү.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы аталган райондун аймагында “Өспүрүм эмгеги” аталышындагы рейд өткөрдү. Бул тууралуу бөлүмдүн басма сөз кызматы кабарлады.

Текшерүүнүн максаты – баланын жыргалчылыгына, билимине, физикалык же адеп-ахлактык ден соолугуна коркунуч келтирген жана анын моралдык же социалдык өнүгүүсүн басаңдатуучу жумушту болтурбоо болуп саналат.

Маалыматта айтылгандай, инспекторлор райондун социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистери менен чогуу базарларды, соода түйүндөрүн, унаа жуучу жайларды, курулуп жаткан объектилерди жана башка балдар топтолушу мүмкүн болгон жерлерди текшеришти.

ИИБ анын жүрүшүндө аныкталган фактылар кошумча иликтөө үчүн Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына жөнөтүлөрүн билдирди. Милиция ошол эле маалда иш-чаранын жүрүшүндө талаптарга туура келбеген канча факты аныкталганын тактаган жок.

Кыргызстанда балдардын, анын ичинде иштеп жаткан балдардын укугун коргоочу мыйзамдык база жетиштүү. Конституцияда, Балдар кодексинде, Эмгек, Кылмыш-жаза жана Үй-бүлөлүк кодекстерде, “Эмгекти коргоо жөнүндө” жана “Билим берүү жөнүндө” мыйзамдарында тиешелүү беренелер камтылган. Ошого карабай балдардын укуктары бузулган учурлары катталып келет.

Эмгек кодексинде, Кыргызстанда жумушка кабыл алуу чеги 16 жаш деп белгиленген. Айрым учурларда гана мамлекеттик органдардын өкүлүнүн уруксаты менен 15 жашка чыккан балдарды ишке алууга уруксат берилет. 14 жашка чейин балдар ата-энесинин жазуу жүзүндөгү уруксаты менен, сабактан тышкаркы убакта, ден соолугуна зыянсыз иштерге тартылса болот.

Соңку жылдардагы балдардын эмгеги боюнча расмий статистикалар жок. Улуттук статистика комитетинин 2018-жылкы изилдөөсүндө Кыргызстанда 5–17 жаштагы балдардын 26,7% ар кайсы жумуштарда иштей турганы, алардын көбү эркек балдар экени аныкталган. (ErN)

Дагы караңыз

Азия Кубогу: Катар чемпион болдуКасым-Жомарт Токаевдин күзөт кызматын Роман Тореханов жетектейтMoody’s Израилдин насыялык рейтингин бир баскычка төмөндөттүЖыл башынан бери 2 438 адамга кызамык жуктуЕвропада фермерлер нааразылык акциясына чыгышты"Чек арасыз кабарчылар" уюму Kloop Медианын жабылышын сынга алды