Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:50

Азия Кубогу: Катар чемпион болду


Катар курамасы ушу менен экинчи жолу Азия Кубогун утуп жатат. 
Катар курамасы ушу менен экинчи жолу Азия Кубогун утуп жатат. 

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия кубогунун финалдык беттешинде Катардын курама командасы Иордания курамасын 3:1 эсеби менен жеңип, мелдештин чемпиону болду. Катар курамасы ушу менен экинчи жолу катары менен Азия Кубогун утуп жатат.

Лусаил шаарындагы 80 миң кишилик "Лусаил" стадионунда өткөн беттеште Катардын чабуулчусу Акрам Афиф үч голду (22-73-95-мүнөттөрдө) пенальтиден киргизсе, иорданиялыктардын катарынан Язан Аль-Наймат (67-мүнөттө) бир гол киргизди.

Катар курамасы бул мелдеште атаандаштарынын дарбазасына 14 гол киргизип, мелдештеги бардык беттештерин утту. Чабуулчусу Акрам Афиф сегиз голу менен Азия Кубогунун мыкты чабуулчусу болду. Катардын дарбазачысы Мешаал Баршам мелдештин "мыкты дарбазачысы" деп табылса, Катар курамасына таза оюн көрсөткөнү үчүн Fair Play сыйлыгы ыйгарылды.

Катар буга чейин 10 жолу Азия Кубогуна катышып, 2000-2011-жылы мелдештин чейрек финалына жеткен. 2019-жылы өткөн Азия Кубогундагы финалдык беттешинде Катар Жапония курамасын 3:1 эсеби менен утуп, чемпион болгон.

Мелдеш алдында спорт серепчилери жана букмекерлер Азия чемпионатынын башкы фаворити катары Жапонияны, Түштүк Кореяны, Сауд Арабиясын, Астралияны, Иранды айтып жатышкан. Сауд Арабия курамасы 1/8 финалда, Австралия менен Жапония чейрек финалда мелдештен четтесе, Түштүк Корея менен Иран жарым финалда жеңилип калды.

18 жолу өткөн Азия Кубогунда Жапония төрт жолу, Сауд Арабия менен Иран үч жолу, Түштүк Корея эки ирет чемпион болушса, Кувейт, Катар, Австралия, Израил жана Ирак курамалары бир жолу чемпион болгон.

Азия кубогу төрт жылда бир болот. Кийинкиси 2027-жылы Сауд Арабиясында өтөт. (GT)

XS
SM
MD
LG