Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:25

"Чек арасыз кабарчылар" уюму Kloop Медианын жабылышын сынга алды


Эл аралык "Чек арасыз кабарчылар" ((RSF) уюму Сөз эркиндиги үчүн коалициясын Кыргызстанда Kloop Media басылмасынын жабылып калуусуна чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу уюмдун X социалдык тармагындагы баракчасына жазылды.


"Кыргызстанда репрессия уланууда. Сот иликтөөчү Kloop Медианы жапты. RSF Сөз эркиндиги үчүн коалициясын бул негизсиз чечимге каршы чара көрүүгө чакырат", деп жазылган анда.

"Чек арасыз кабарчылар" сөз кылган Эл аралык Сөз эркиндиги үчүн коалициясынын курамына элүүдөн ашуун өлкөлөр жана 20дан ашык бейөкмөт уюмдар кирет. Уюмга мүчө өлкөлөр өз аймагында сөз эркиндигин сактоого жана колдоого милдеттенме алышкан. Коалиция жалпы дүйнөдө сөз эркиндиги сакталышына чара көрөт. 2024-жылы уюмга Эстония жана Германия төрагалык кылууда.

9-февралда Бишкектин Октябрь райондук соту көз карандысыз “Kloop Media” порталын жабуу тууралуу чечим чыгарды.

Соттун бул чечими эл аралык жана жергиликтүү уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги кысымга кабылып жатканы боюнча байма-бай билдирүүлөрдү жасап, бийлик аны четке каккан учурга туш келди.

“Kloop Media” порталын жабуу чечими Кыргызстанда сөз эркиндиги тууралуу талкуу күн тартибинде турган учурда чыкты.

Көз карандысыз медиаларда иштеген 11 адамдын эки айга камалышына байланышуу эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти өлкөдө сөз эркиндигине басымды токтотууга чакырып жатат.

Президент Садыр Жапаров акыркы маектеринде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин кайталаган.

“Клооп” 2007-жылдан бери иштейт, чуулгандуу бир катар иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. “Клооп” — Кыргызстандагы эң маанилүү окуялар тууралуу бейтарап жазган көз карандысыз басылма. “Клооптун” кабарлары күн сайын кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланат. Айрым материалдары англис тилинде да чыгат. Басылманы “Kloop Media” эл аралык фонддорунун тобу башкарат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG