Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

Жыл башынан бери 2 438 адамга кызамык жукту


Жугуштуу оорулар ооруканасы. Бишкек. 2023-жыл.
Жугуштуу оорулар ооруканасы. Бишкек. 2023-жыл.

Республикалык иммунопрофилактика борборунун маалыматына караганда, 6-февралга карата өлкөдө кызамык менен ооруган адамдардын саны жыл башынан бери 2 438 адамга жетти.

Былтыр илдеттин 7046 учуру катталып, тогуз бала оорудан чарчап калган. Арасында беш айлык ымыркай бар.

Саламаттык сактоо министрлиги илдеттин жайылышына ата-энелер түрдүү себептер менен эмдөөдөн баш тартып жатышканы себеп болгонун белгилөөдө. Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда баласын кызамыкка каршы эмдетүүдөн баш тарткан ата-энелер 22 миңге жеткен, алардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айткан. Ушундан улам министрлик 17-январда Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын, муфтияттын өкүлдөрү менен кызамык жана ага каршы вакцина тууралуу талкуулап, дин өкүлдөрүнөн бул жаатта маалымат таратууга көмөктөшүүсүн суранды.

Министрлик Чүй жана Ош облустарында, Бишкекте жана Ош шаарында балдарды пландуу эмдөөнү күчтөндүрүүнү колго алууну, кызамык жуктургандардын айланасындагыларга кошумча эмдөө жүргүзүүнү көздөөдө.

Кыргызстанда кызамык оорусу былтыр жыл башында Бишкек шаарында башталган. Түркиядан жана Орусиядан жуктуруп келген учурлар да катталганы кабарланган.

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алынып келген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу кескин өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG