Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев президенттин күзөт кызматынын башчысы - Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин орун басарлыгына Роман Торехановду дайындады. Бул тууралуу Ак Орданын маалымат кызматы ишембиде жарыялады.
"Мамлекет башчы Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен Роман Тореханов Казакстандын Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басарлыгына - Президенттин күзөт кызматынын башчылыгына дайындалды", деп жазылган билдирүүдө.
Аталган кызматтын мурдагы башчысы Чингис Аринов апта башында Өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалган.
Президент Касым-Жомарт Токаев былтыр сентябрда дайындалган өкмөттүн толук курамын 5-февралда отставкага кетирген. Буга эмне себеп болгону расмий айтылган эмес.
6-февралда өкмөттүн башына Олжас Бектенов дайындалды. Ал былтыркы жылдын апрель айынан бери президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген.