Кыргызстанга коронавируска каршы 20 миңден ашык доза вакцина келди

Pfizer-BioNTech вакцинасы. Иллюстрация.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы Республикалык иммунопрофилактика борборуна COVID-19 вирусуна каршы Pfizer-BioNTech вакцинасынын 20 160 дозасы алынып келгенин билдирди. Ал өлкө боюнча эмдөө пункттарына таратылат. COVAX мекемеси берген вакцина ЮНИСЕФтин колдоосу менен жеткирилди. Анын баасы 136 миң доллар.

Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева өлкөдө коронавируска байланышкан кырдаал туруктуу экенин, эмдөө оорунун тобокелдиктерин азайта турганын айтты.

Pfizer-BioNTech вакцинасы алты ай жана андан жогорку жаштагы бардык адамдар үчүн коопсуз, натыйжалуу деп эсептелет.

Буга чейин ЮНИСЕФ -80° чейинки төмөн температураны талап кылган Pfizer вакциналарын сактоо үчүн муздаткычтарды алып берген.

2021-жылдын мартынан 2023-жылдын декабрына чейин Кыргызстан 6 млн 889 миң 780 доза вакцина алган. Анын 1 млн 548 780 дозасы COVAX тутумунун алкагында келсе, 2 млн 780 миң 200 доза гуманитардык жардам катары алынган.

Ал эми республикалык бюджеттен 2 млн 560 миң 800 доза “Синофарм” вакцинасы сатып алынган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиБишкек ЖЭБин оңдоп-тазалоо иши дээрлик аяктап калдыБишкекте бир типтеги аялдамалар курулатАзербайжандагы шайлоодо Алиев 92% добуш менен алдыга чыктыКыргыз футбол союзунун президенттигине Ташиев жалгыз талапкер болду Депутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырдыЧүйдө бир жылда 529 жолу жол эрежесин бузган айдоочу аныкталды