Челябинскиде өзбек, тажик жана кыргыз мигранттар тобу баңгизат сатууга шектелип кармалды

Мигранттарды кармоо учуру жана алардын жанынан табылган баңгизаттар.

Орусиянын Челябинск шаарында “Легалдуу эмес мигрант” деп аталган операциянын алкагында Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын жарандарынан турган, баңгизат сатууга шектелген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Орусиянын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Челябинск облустук башкармалыгынын Телеграм каналында жарыяланды.

Мекеме билдиргендей, жалпы 24 адам камакка алынды. Топтун уюштуруучусуна жана анын эки жардамчысына издөө жарыяланды.

Аталган топ кеминде 75 кылмыштык фактыга шектелүүдө. Алар жарандардан мессенжер аркылуу буюртма алып, баңгизаттарды ар кайсы жерге жашырып, сатып жүрүшкөн. Топ Челябинск, Москва, Свердловск, Курганск, Самара облустарында жана Пермь крайы менен Москва шаарында да иштегени айтылат.

Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Шектүүлөрдүн жашаган жерлерин тинтүү учурунда алардын жанынан 5 килограммдан ашык героин жана метадон заттары алынган.

Тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев 2-февралда Жогорку Кеңештин фракцияларынын жыйынында сүйлөп жатып, Орусиянын абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткан кыргызстандыктардын 73ү 2023-жылы мекенине которулганын билдирген. Дагы 40тай кыргызстандык которулуу алдында турганын тактаган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстандын 1500гө жакын жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын басымдуу бөлүгү Орусияда (1167).

Орусияда абакка кесилгендердин көбү баңгизатка байланыштуу айыпталгандар. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Орусияда мыйзамсыз маңзат ташуу боюнча 2020-жылы 191, 2021-жылы 324, 2022-жылы 614 кыргыз жараны абакка кесилген. (ErN)

Дагы караңыз

Кыргызстандык дарыгерлер Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөтБишкек–Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиДепутат "Урал аба жолдорунун" ишине баа берүү маселесин көтөрдүДепутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырдыЕкатеринбургда кыргызстандык аялдын баласы ооруканада калтырылып, өзү депортацияландыРайымбек Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке алындыБишкек ЖЭБи борбордун кубаттуулугунун азайганы жөнүндө түшүндүрмө берди