Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Екатеринбургда кыргызстандык аялдын баласы ооруканада калтырылып, өзү депортацияланды


Бала кармаган кыргызстандык аял. Иллюстрациялык сүрөт.
Бала кармаган кыргызстандык аял. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Екатеринбург шаарында бир жарым айлык баласы бар кыргызстандык аял миграциялык мыйзамдарды бузганы үчүн мекенине депортацияланып, баласы ооруканада калтырылган. Бул тууралуу орусиялык “Европейско-Азиатские Новости” (ЕАН) басылмасы кабарлады.

Медиа баланын атасы Свердловск облусунда жашай турганын, күнү-түнү иштегенден улам баласын карай албай жатканын маалымдалган. Аны облустук ооруканада ыктыярчылар багып жатышкан.

Ушул эле басылма башка кабарында Орусиянын аталган чөлкөмдөгү адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Мерзлякова маселени чечүүгө аралашканын, ал укук коргоо уюмдары аркылуу көмөк көрсөтүүгө даяр экенин жазды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 8-февралда бул окуя тууралуу расмий маалымат таратып, 7-февралда Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдуктун консулу жашы жете элек кыргызстандык бала жаткан Свердлов облустук балдар клиникалык ооруканасына барганын билдирди. Оорукананын жетекчилигинин маалыматына ылайык, баланын абалы "туруктуу" деп бааланууда жана анын даарылануусу февраль айынын аягына чейин уланат.

Дипломаттар баланын ата-энеси менен сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында баланын андан аркы даарылануусу Екатеринбург шаарында улантылаары боюнча чечим кабыл алынганы белгилүү болгон.

Министрлик ошол эле учурда баланын энесин Орусия Федерациясына киргизбөө боюнча чечим ага белгилүү себептерге байланыштуу кабыл алынгандыктан, аны “Орусиядан депортация кылган” деген маалымат чындыка дал келбей турганын кабарлады. Маалыматта ошондой эле “баланын үй-бүлөсү бул маселе боюнча маалыматты мындан ары жалпыга маалымдоо каражаттарында таратпоону суранганы” айтылат.

ТИМ ырастагандай, бул окуя министрликтин жана Кыргызстандын Башкы консулдугунун көзөмөлүндө. (ErN)

XS
SM
MD
LG