Кыргызстандык дарыгерлер Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окуудан өтөт

Түркияда бөйрөк алмаштыруу боюнча окууга кете турган дарыгерлер менен Алымкадыр Бейшеналиев жолукту.

Улуттук госпиталдын сегиз дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар 9-февралда Түркиядагы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи төрт уролог, бир айдан кийин дагы төрт дарыгер жөнөтүлөт.

Алар менен 8-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталда жолугуп, Түркиядан окуудан өтүп келген дарыгерлер кийин Кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасай турганын айтты.

Президент Садыр Жапаров 6-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде гемодиализ алып жаткан бардык адамдардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берерин билдирген.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта өлкөдө 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатат. Президент алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өткөнүн, эми бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталганын айткан. Донор тапкан бейтаптарга мамлекет операциясы үчүн 7-8 миң бөлөт.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө 2018-жылдан бери бөйрөк алмаштыруу боюнча 44 операция жасалган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилдиДепутат "Урал аба жолдорунун" ишине баа берүү маселесин көтөрдүДепутат Түлөбаев Ак-Түздөгү кенди иштетүүгө чакырдыЕкатеринбургда кыргызстандык аялдын баласы ооруканада калтырылып, өзү депортацияландыРайымбек Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке алындыБаткенди өнүктүрүүгө каралган акчага 36 долбоор ишке кирди