Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров экинчи борборго жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаардык мэриясынын 2023-жылдагы ишинин жыйынтыгы жана 2024-жылга пландары талкууланган коллегияга катышты. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
Жапаров 2023-жыл Ош шаары үчүн ийгиликтүү жыл болгонун белгилеп, мэриянын ишмердүүлүгүнө жакшы баа берди. Ошол эле маалда ал калаага республикалык бюджеттен да колдоо болгонун тактады.
Министрлер кабинетинин башчысы экинчи борбордогу бир эле окуу жайдын – Ош мамлекеттик университетинин (ОшМУ) бюджети 4,1 миллиард сом экенин мисал келтирип, ал эми бүтүндөй Ош шаарынын бюджети 2,5 миллиард сом экенине токтолду. Акылбек Жапаров республикалык бюджетти көтөрүүдөгү механизмдерди чечмелеп, “жаңы идеяларды жана ыкмаларды киргизүү менен Ош шаарынын бюджетин да көбөйтүү керектигин” айтты.
Ош шаарынын бюджети 2015-2020-жылдары 900 миллион сомдон 1,3 млрд сомго чейин жеткен. Калаанын салыктык кирешеси жана салыктык эмес кирешелери 2021-жылы 1,4 млрд сом, 2022-жылы 1,9 млрд сом, 2023-жылы 2,3 млрд сомду түзгөн.
Атайын каражаттарды жана республикалык бюджеттин кошумча жардамын (трансферттерди) кошуп санаганда Ош шаарынын бюджети 2021-жылы 1,6 млрд сом, 2022-жылы 2,3 млрд сом, 2023-жылы 2,9 млрд сомду түзгөн.
Мэриянын маалымат кызматы шаардын 2024-жылга карата бюджети эсептелип жатканын, шаардык кеңешке сунушталганга чейин, санды алдын ала бере албай турганын тактады. (ErN)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айттыУкраина Орусиянын жапырт ракеталык чабуулуна кабылдыГазада кармаш уланууда, Блинкен Израилге барды Парламентте балдардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушу көтөрүлдү Пенсиянын топтомо бөлүгү турак жай сатып алууда да бериле баштайтКаракол: Армиядагы зомбулук тууралуу маалыматты УКМК текшере баштадыОшто акча уурдоого шек саналган курьер изделип жатат Ошто жашы жете электерди сабаган өспүрүм кыздар кармалды