Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:56

Президент Жапаров Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров “Массалык башаламандыктар” беренеси менен шек саналып камакка алынган 11 журналист боюнча эл аралык уюмдардын тынчсыздануусуна жооп берди.

Ал 7-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги бар экенин айтты.

“Кыргызстанда сөз эркиндигин чектей албайсың. Ага эл жол бербейт. Кыргызстандын эли илгертен сөз эркиндиги менен жашап келген эл. Мындан ары да сөз эркиндиги менен жашай берет. Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат. Элдин баары аларды көрүп-билип эле турат. Эгер бийлик сөз эркиндигине каршы адилетсиз кадамдарга барсак, эбак эле эл көтөрүлүп кетмек”, - деди президент.

Садыр Жапаров ал эми бийликтин кемчиликтерин айтып, бийликте отурган коррупционерлердин бетин ачкандардан пайда гана келерин кошумчалады. Мындай жардам бергиси келгендер интернеттен же Бишкектеги Максим Горький гүл багынан бийликке кайрылса болорун айтты. Ал эми адам укуктарын жана демократияны сактоо боюнча суроого мындайча жооп берди:

“Эч кандай кабатыр боло турган маселе жок. Адам укугу да толук сакталууда. Албетте, 100% жипке тизгендейбиз деп айткандан алысмын. Айрым учурларда кемчиликтер боло калып жатат. Бул эми адам факторлорунан улам болуп жатат. Сот, укук коргоо органдары тарабынан кемчиликтер кетип жаткан учурлар жок эмес. Айрым кезде жарандарга адилетсиз мамиле жасалып калган учурлар болуп атат. Аны моюнубузга алабыз. Бирок дароо ордуна келтирип, жарандардын мыйзамдуу укуктарын коргоп берүүгө аракет кылуудабыз. Адам баласы жашаган жерде баары болот. Анча-мынча укугу бузулган адамдар бизде эле эмес, дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин барында бар”.

16-январда таң эрте Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Темиров LIVE” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкерлеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

17-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту аларды 13-мартка чейин Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алган. Бишкек шаардык соту бул токтомдорду күчүндө калтырды.

ИИМ “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” баракчаларындагы жапырт башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен иш козголгонун билдирген.

Камакка алынган журналисттер коюлган айыпты четке кагып жатышат. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырууда. (BTo)

XS
SM
MD
LG