7-февралда Бишкек шаардык соту активист Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча прокурордун апелляциялык арызын карап, Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун буга чейинки өкүмүн күчүндө калтырды.
2023-жылы 4-декабрда райондук сот Ырыс Жекшеналиевди толук актап, ага коюлган бардык айыптарды алган.
Прокуратура райондук соттун активистти актаган чечимине каршы 8-январда Бишкек шаардык сотуна арыз берип, ишти биринчи инстанцияга кайра кароого жөнөтүүнү өтүнгөн.
Жекшеналиев 2022-жылы августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгаргандан кийин камалган. Тергөө абагында эки ай отуруп, үй камагына чыккан.
Активистке Кылмыш-жаза кодексинин “Калайман башаламандык” беренесинин “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” деген бөлүгү менен кылмыш иши козголгон.
21 жаштагы Жекшеналиев жана анын адвокаты коюлган киненин баарын четке каккан. (BTo)
Дагы караңыз
ЖАК акыркы беш жылда абактарда 23 киши өз жанын кыйганын билдирдиЖЭБдеги аварияга күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу маселеси көтөрүлдүТүркияда кыргыз тилин жайылтуучу борборлор уюштурулатАлты жылда 3 миңден ашык адам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулганМинистрлик Кыргызстандын паспортун ортомчулардан албоого чакырдыАба ырайы: тоолуу жолдордо кар көчкү коркунучу барОшто жашы жете электерди сабаган өспүрүм кыздар кармалдыКараколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты