Алты жылда 3 миңден ашык адам абактан мөөнөтүнөн мурда бошотулган

Иллюстрациялык сүрөт.

2018-жылдан тартып 2023-жылга чейин Кыргызстанда абактарда жазасын өтөп жаткан 3 353 адам мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган. Алардын ичинен акыркы үч жылда – 2021-жылы 662, 2022-жылы 418, 2023-жылы 180 киши ушундай шартта эркиндикке чыккан.

Бул тууралуу 7-февралда Жогорку Кеңеште мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин айынан соттолгондор, жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар тууралуу депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча маалыматта айтылды.

“2023-жылдын 18-октябрындагы маалымат боюнча, 14 адам Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын №21 тергөө абагында бир жылдан ашуун убактан бери жатат. Мыйзам боюнча тергөө бир жылдан ашык жүрбөшү керек. Бирок 14 киши тергөө абагында отурат”, - деди депутаттык комиссиянын төрагасы Жусупбек Коргонбай уулу.

Депутат Медербек Алиев адамдарга мыйзамсыз иш козгогон тергөөчүлөрдүн жана прокурорлордун, аларды абакка кескен судьялардын да жоопкерчилигин кароо сунушун берди.

Мыйзамсыз соттолгондор жана жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандардын ишин иликтеген депутаттык комиссия 2023-жылдын июнь айында түзүлгөн. Анын мүчөлөрү Жаза аткаруу кызматынын бир катар түзөтүү мекемелерине барып, түрмөдөгүлөр менен да жолугуп келишкен. (BTo)

Дагы караңыз

Караколдо аскер кызматкери армиядагы зомбулук тууралуу айтып чыкты Садыр Жапаровдун китеби изилдөө институттарына таратылатКоомдук транспорттогу GPS-трекерин өчүрүп койгон айдоочуларга сөгүш берилди“Чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин күн тартибинен алындыУлуттук банк 2023-жылы 17 тоннадан ашык алтын саттыЖогорку Кеңеште жаңы эки депутат ант берди