Президент бөйрөк алмаштыруу операциялары акысыз жасаларын айтты

Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда гемодиализ алып жаткан бардык адамдардын бөйрөк алмаштыруусуна кеткен чыгымды өкмөт төлөп берерин билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 6-февралда улуттук “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде айтты.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тапта өлкөдө 2654 бейтап мамлекеттик программа аркылуу гемодиализ алып жатат. Президент алардын ичинен 50 бейтап донор таап, толук медициналык изилдөөдөн өткөнүн, эми бөйрөк алмаштырууга даярдык иштери башталганын кошумчалады.

“Бүгүнкү күндө гемодиализ алып жаткан жарандарыбыздын ар бирине мамлекет бир жылда 14-15 миң доллар сарптоодо. Ошондо жалпы суммасын эсептесек, 2500 кишиге 3 миллиард сомго жакын каражат кетип жатат. Ошондуктан донор тапкан бейтаптарга 7-8 миң долларды мамлекет берип, четинен бөйрөгүн алмаштырып, сакайтып чыгара берсек, аларга кеткен чыгымдар дароо токтойт. Бир жылда гемодиализде жаткан бир бейтапка кеткен чыгымдын жарымын жумшап, бир бейтаптын бөйрөгүн алмаштырып берсек, бир жылда жумшалчу чыгымдын жарымын жана келерки жылдардын чыгымдарын толук сактап калабыз. Гемодиализден чыкса өкмөттөн кетип жаткан чыгым дароо токтойт да”, - деди президент.

Садыр Жапаров бейтап донорду өзү табарын, жакында донор боло алчулардын тизмесин кеңейткенге жол берген мыйзамга кол койгонун айтты. Донор табылгандан кийин бейтап да, донор да тийиштүү анализдерди тапшырып, толук медициналык изилдөөдөн өтүп, операцияга даярданышат.

1-февралда Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жергиликтүү дарыгерлер 22 жаштагы бейтаптын бөйрөгүн алмаштыруу операциясын жасашкан.

Операцияны үч хирург, бир анестезиолог, эки анестезист медайым жана эки хирургиялык медайымдан турган эки медициналык бригада жасаган. Орган которуу операциясына саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышкан.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүнүн башчысы Мирбек Байзаковдун сөзү боюнча, аталган борбордо бөйрөк алмаштыруу операциялары 2018-жылдан бери жасалып келет. Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 44 операция болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Лукашенко аскерлерге жарандарга каршы ок атууга уруксат бердиИИМ Орусиядан беш өспүрүм алынып келгенин билдирдиЖЭБдеги авариянын калдыктарынын 95% тазаландыФутзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстанды уттуФИФА 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жадыбалын жарыялады