Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:46

Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстанды утту


Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасынын оюнчулары Тажикстан менен болгон беттеште.
Футзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасынын оюнчулары Тажикстан менен болгон беттеште.

Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) футзал боюнча аялдар арасындагы чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Тажикстанды 4:2 эсебинде жеңди. Беттеш 5-февралда Дүйшөмбү шаарында болду.

Оюнда Кенжебүбү Ырысбек кызы эки, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рысбекова бирден гол киргизишти.

Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, тайпадагы бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгат жана эң көп упай топтогон курама жеңүүчү болот. Ушул тапта Кыргызстан алты упай менен алдыда келе жатат.

Биринчи турдагы оюнда кыргызстандык кыз-келиндер түркмөнстандык атаандаштарын 3:1ге уткан. Улуттук курама турнирдеги кезектеги беттешин 7-февралда Ирандын командасы менен өткөрөт.

CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдеши Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 4-февралда башталган.

Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Азия футбол конфедерациясына (АФК) карайт. 2014-жылдын 10-июнунда негизделип, 2015-жылдын 9-январында расмий түрдө иштей баштаган. Ал Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Иран футбол федерацияларын бириктирет. 2015-жылдын ортосуна чейин уюм Борбор Азия футбол федерациясы деп аталган. (BTo)

XS
SM
MD
LG