Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:29

ФИФА 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жадыбалын жарыялады


Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын оюндарынын жадыбалын жарыялады. Ага ылайык мелдештин ачылуу аземи 2026-жылдын 11-июнунда Мехико шаарында "Ацтека" стадионунда , ал эми финалдык беттеш 19-июлда Нью-Жерси штатындагы "Метлайф" стадионунда өтөт.

АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарында 48 курама команда таймашат.

Дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына өткөн командалар төрттөн 12 тайпага бөлүнөт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар жана үчүнчү орунду ээлеген сегиз мыкты команда плей-оффко чыгат. Мелдештин алкагында 104 беттеш өтөт.

Катарда өткөн соңку дүйнө чемпионатында 32 курама команда катышып, жалпы 64 беттеш өткөн.

2023-жылдын сентябрь айында башталган Дүйнө чемпионатына тандоо оюндары 2026-жылдын мартында жыйынтыкталат.

Азиядан сегиз команда дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Тандоо оюндары беш этаптан турат. Кыргызстан курама командасы да дүйнө чеемпионатынын тандоо оюндарына экинчи этапта катышып жатат. Экинчи этапта 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойнойт. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка чыгат.

Мында 18 команда алтыдан үч группага бөлүнүп ойноп, жыйынтыгында тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Калган эки жолдомо төртүнчү жана бешинчи этаптарда ойнотулат. (GT)

XS
SM
MD
LG