Лукашенко аскерлерге жарандарга каршы ок атууга уруксат берди

Александр Лукашенко

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн уставына өзгөртүүлөрдү киргизип, аскер кызматкерлерине өз милдеттерин аткаруу учурунда “ок атуучу куралдарды, атайын каражаттарды, күжүрмөн жана атайын техникаларды” жарандарга каршы колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлады.

Документте жазылгандай, жарандар административдик эреже бузууга барган учурда да аларга каршы курал колдонууга уруксат берилет.

Лукашенко киргизген өзгөртүүлөрдө мындан сырткары ок атуу “жалпы аскердик уставдын талабынын негизинде аткарылган болсо” аскер кызматкери “чыгымдар үчүн жоопкерчилик албай турганы” белгиленген.

Мурдараак Александр Лукашенко “Мамлекеттик коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөргө кол койгон. Анда “куралдуу каршылык көрсөтүү болгон учурда, тобу менен чабуул жасалган маалда же адамдардын өмүрүнө коркунуч жараткан аракеттер катталганда” атайын кызматтын кызматкерлерине аялдарга, балдарга жана майыптарга каршы ок чыгарууга уруксат берилген. (ErN)

Дагы караңыз

ИИМ Орусиядан беш өспүрүм алынып келгенин билдирдиЖЭБдеги авариянын калдыктарынын 95% тазаландыФутзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстанды уттуФИФА 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жадыбалын жарыяладыОрусияда абактагылардын укугун коргоо уюмунун башчысы кармалдыБишкекте мектеп, бала бакча 7-февралдан тартып иштей баштайтОш шаардык сотунун эки судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кетти