Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:08

Орусияда абактагылардын укугун коргоо уюмунун башчысы кармалды


Алексей Федяров.
Алексей Федяров.

Орусияда камакта отургандарга жардам берүү менен алектенип келе жаткан «Русь сидящая» фондунун юристи жана «Статус» укуктук жардам борборунун негиздөөчүсү Алексей Федяров кармалды. Замоскворецкий райондук сотунун сайтындагы 5-февралдагы маалыматка караганда, ага Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “пара алууга көмөктөшүү” деген беренесинин негизинде айып тагылып, үй камагына алынды.

Ушул эле кылмыш иши боюнча Тергөө комитетинин мурдагы тергөөчүсү, азыр Федяровдун фондунда иштеп жаткан Андрей Золотухин да суракка чакырылып жатканы маалымдалды.

Федяров орус бийлигине сын көз караштагы режиссёр, соттолуп, кийин өлкөдөн чыгып кеткен Кирилл Серебренниковдун жактоочусу болгон. Ал Орусиянын тергөө органдарын жана сот системасын сындап жүргөн.

Төрт ай мурда Орусиянын Юстиция министрлиги абактагылардын укугун коргоо менен алектенип келе жаткан «Россия за решеткой» коомдук уюмунун негиздөөчүсү жана башчысы Ольга Романованы чет элдик агент деп тааныган. (RK)

XS
SM
MD
LG