ИИМ Орусиядан беш өспүрүм алынып келгенин билдирди

Орусиядан алынып келген өспүрүмдөр.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы Орусиядан ата-энесинин жана жакындарынын кароосуз жүргөн беш өспүрүм Кыргызстанга алынып келгенин билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, Москва-Бишкек каттамы менен келген балдарды ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.

Өспүрүмдөрдүн Орусияга эмне себеп менен барганы такталып, туугандарына өткөрүлүп берилди.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашык жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. (BTo)

Дагы караңыз

ЖЭБдеги авариянын калдыктарынын 95% тазаландыФутзал боюнча Кыргызстандын кыздар курамасы Тажикстанды уттуФИФА 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жадыбалын жарыяладыОрусияда абактагылардын укугун коргоо уюмунун башчысы кармалды5-февраль: Камактагы журналисттер, төрөттөн көз жумган келин, казак өкмөтү иштен кетти Бишкекте мектеп, бала бакча 7-февралдан тартып иштей баштайт