Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:38

5-февраль: Камактагы журналисттер, төрөттөн көз жумган келин, казак өкмөтү иштен кетти


Жоодар Бузумов, Махабат Тажыбек кызы жана Азамат Ишенбеков. 5-февраль, 2024-жыл. Коллаж.
Жоодар Бузумов, Махабат Тажыбек кызы жана Азамат Ишенбеков. 5-февраль, 2024-жыл. Коллаж.

5-февралда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Сот журналисттерди камакта калтырды

5-февралда Бишкек шаардык соту “Темиров LIVE” жана “Айт айт десе” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын, “Нур пресс” медиасынын журналисти Жоодар Бузумовду, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековду, “Арча Медианын” (мурдагы Next TV медиасы) журналисти Сайпидин Султаналиевди жана “Темиров LIVE” редакциясынын кызматкери Максат Тажыбек уулун 13-мартка чейин Бишкектин №1 тергөө абагына камакта калтырды. Сот ушул эле күнү “ПолитКлиника” порталынын журналисти Тыныстан Асыпбековдун, “Алга медиа” каналынын негиздөөчүсү Актилек Капаровдун кармалышын мыйзамдуу деп тапты. 2-февралда “Темиров LIVE” редакциясынын журналисти Сапарбек Акунбековду, кызматкери Акыл Орозбековду жана редакциянын мурдагы кызматкери Жумабек Турдалиевди да камакта калтырган. “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлору, “Арча медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасынын 11 кызматкерин милиция 16-январда кармап, райондук сот аларды эки айга камаган. Журналисттер 10 күндөн ашык милициянын убактылуу кармоочу жайында жатып, 29-январда гана тергөө абагына которулган. Милиция журналисттерге “Массалык башаламандыктар” беренеси менен иш козгосо, камалган журналисттер айыпты четке кагып жатышат.

Сот Аранованы 22-мартка чейин камакка алды

1-февралда Москвадан кармалып келген Каныкей Аранова 22-мартка чейин камалды. Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасы буга чейин эле сыртынан тандалып, 2-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын гана аныктады. Райондук соттун басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдиргендей, Арановага Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери менен айып тагылды. Ал буга чейин социалдык түйүндөрдө Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча маселе көтөрүп жүргөн.

Бишкекте дагы бир келин төрөттөн көз жумду

№4 төрөт үйүндө 29 жаштагы келин кесарево жолу менен төрөп жатканда көз жумду. Саламаттык сактоо министрлиги бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын кабарлады. Келиндин үчүнчү төрөтү экени айтылууда. 14-январда Бишкектеги №2 төрөт үйүндө эгиз бала төрөгөн келин көз жумган. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, былтыр тогуз айда өлкөдө 27 аял төрөттөн каза болгон.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасынын такталган тилкелери

Акыркы төрт айда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 196 чакырымы боюнча макулдашуу болду. Бул тууралуу Тажикстандын президентинин сайтындагы маалыматта айтылат. Ага ылайык, тажик президент Эмомали Рахмон 5-февралда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевди кабыл алып, эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча сүйлөшкөнү жазылган. Ал тапта кыргыз өкмөтү 5-февралда топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 3,71 чакырымы боюнча макулдашканын билдирди. Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 972 чакырым.

Жакынкы Чыгыш: Блинкендин бешинчи сапары

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эгер Израил жана ХАМАС радикал тобу (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп таанылган) ортомчулар иштеп чыккан сунушка макул болсо "Газа секторун калыбына келтирүү, палестин мамлекетин түзүү сыяктуу артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн үстүнөн тез арада иштей баштоо" маселесин талкуулай турганы маалымдалды. Блинкен аймакта былтыр октябрда чыңалуу күчөгөндөн бери бешинчи иш сапарын Сауд Арабиясынан баштайт. 18-январда Израил келечекте Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги жана Газа тилкесиндеги коопсуздукту өзү гана көзөмөлдөй турганын жана АКШнын чакырыктарына карабастан Палестин автономиясынын башкаруусуна макул болбой турганын билдирген. Израилдин башкы союздаштарынын бири АКШ палестиндердин өз мамлекети түзүлмөйүнчө бул аймакта тынчтык орнобой турганын белгилеп келет.

Херсондо Орусиянын чабуулунан төрт киши каза болду

Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдиргендей, орус аскерлери өлкөнүн түштүгүндөгү Херсон шаарына чабуул жасап, төрт киши каза болду, дагы бир киши жараат алды. Министр Москва Украинанын түштүгүндөгү эл жашаган райондорго чабуулдарын күчөткөнүн, өткөн аптада бул аймакта соккулардын интенсивдүүлүгү 15% көбөйгөнүн, онго жакын кишинин өмүр кыйылганын айтты. Орусия 2022-жылы Украинага кол салгандан көп өтпөй Херсонду ээлеп, «Херсон облустук аскердик-жарандык администрациясын» түзгөн, ноябрь айында украиндер орус аскерлерин сүрүп чыккан. Ошондон бери Орусия Днепр дарыясынын чыгыш жээгинен бул шаарды артиллериялык жана ракеталык куралдан аткылап, калкын жана инфраструктурасын бутага алып келатат. Украин президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага "согуштук абалдын" жана жалпы аскердик мобилизациянын мөөнөтүн дагы узартуу тууралуу мыйзам долбоорлорун жөнөттү.

Казакстанда өкмөт толук курамда иштен кетти

Казакстанда президент Касым-Жомарт Токаевдин жарлыгы менен өкмөт толук курамда отставкага кетти. Акорданын сайтында маалымдалгандай, премьер-министрдин ишин убактылуу аткаруу милдети Роман Склярга жүктөлдү, өкмөттүн жаңы курамы бекигенче азыркысы иштей берет. Кызматынан алынган Алихан Смаилов казак өкмөтүн жетектөөгө эки жыл мурдагы кандуу Январь окуясынан кийин киришкен. Скляр буга чейин өкмөт башчынын биринчи орун басары болчу. Коңшу өлкөдө өкмөттү алмаштырууга эмне негиз болгону айтылган жок.

XS
SM
MD
LG