Борбор Азия футбол ассоциациясынын (CAFA) футзал боюнча аялдар арасындагы чемпионатында Кыргызстандын курама командасы Тажикстанды 4:2 эсебинде жеңди. Беттеш 5-февралда Дүйшөмбү шаарында болду.
Оюнда Кенжебүбү Ырысбек кызы эки, Нурсулуу Мурзакулова менен Медина Рысбекова бирден гол киргизишти.
Кыргыз футбол союзу кабарлагандай, тайпадагы бардык командалар бири-бири менен ойноп чыгат жана эң көп упай топтогон курама жеңүүчү болот. Ушул тапта Кыргызстан алты упай менен алдыда келе жатат.
Биринчи турдагы оюнда кыргызстандык кыз-келиндер түркмөнстандык атаандаштарын 3:1ге уткан. Улуттук курама турнирдеги кезектеги беттешин 7-февралда Ирандын командасы менен өткөрөт.
CAFA Women's Futsal Championship 2024 мелдеши Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында 4-февралда башталган.
Борбор Азия футбол ассоциациясы (CAFA) Азия футбол конфедерациясына (АФК) карайт. 2014-жылдын 10-июнунда негизделип, 2015-жылдын 9-январында расмий түрдө иштей баштаган. Ал Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Иран футбол федерацияларын бириктирет. 2015-жылдын ортосуна чейин уюм Борбор Азия футбол федерациясы деп аталган. (BTo)
Дагы караңыз
ФИФА 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын жадыбалын жарыяладыОрусияда абактагылардын укугун коргоо уюмунун башчысы кармалды5-февраль: Камактагы журналисттер, төрөттөн көз жумган келин, казак өкмөтү иштен кетти Бишкекте мектеп, бала бакча 7-февралдан тартып иштей баштайтОш шаардык сотунун эки судьясы мөөнөтүнөн мурда кызматтан кеттиВенгриянын парламенти Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча маселени карай албай калдыХерсондо Орусиянын чабуулунан төрт киши каза болду