Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:36

Венгриянын парламенти Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча маселени карай албай калды


Венгриянын парламенти.
Венгриянын парламенти.

Венгриянын башкаруучу партиясы бүгүн 5-февралда парламенттин Швециянын НАТОго мүчөлүгү боюнча маселе карала турган отурумун өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бербей койду. Премьер-министр Виктор Орбан жетектеген “Венгриянын жарандык союузу” партиясы жалпы парламенттин отурумун бойкоттоп, натыйжада кворум жоктугунан добуш берүү башка күнгө калды.

Партиянын маалымат кызматы Швециянын арызын кароого макулдук бар экенин, бирок адегенде бул өлкөнүн премьер-министри Ульф Кристерссон Орбан менен жолугушуусу керектигин билдирип, "Эгер шведдер үчүн бул маселе маанилүү болсо, Швециянын өкмөт башчысы Будапештке келип кетер", - деп Reuters агенттигинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Буга чейин Кристерссон Орбандын чакыруусун четке кагып, бардык маселелерди Брюсселдеги жолугушууда талкуулоону сунуш кылган.

Венгрия парламентиндеги оппозициялык партиялар «Венгриянын жарандык союзунун» бүгүнкү кадамын айыпташты. «Демократиялык коалициянын» башчысы Агнеш Вадаи “Орбан НАТОнун ички ыркын бузуп, Орусиянын президенти Владимир Путинге колдоо көрсөткүсү келип жаткан чыгар” деп айтты.

Көптөгөн жылдар бою нейтралдык позицияда болуп келген Швеция 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй Финляндия менен бирге НАТОго мүчө болуу тууралуу арыз берген. Мүчөлүккө кабыл алуу үчүн уюмдагы бардык өлкөлөрдүн макулдугу зарыл. Финляндияга бардык өлкөлөр макулдугун берип, ал уюмга мүчө болгону тууралуу протокол былтыр 5-июлда кабыл алынган.

Ал эми Швеция боюнча жараян Венгриянын жана Түркиянын позициясынан улам кармалып келди. Түркия ага макулдугун өткөн айда берди. Ошентип, Швециянын НАТОго кирүүсүнө бир гана өлкө – Венгрия тоскоол болууда.

Орбан өзү да, партиясы да Украинадагы согуш башталгандан бери Москва менен байланышын үзбөй, Евробиримдиктин Орусияга каршы санкцияларын колдобой келе жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG