Түндүк Корея жаңы зениттик ракетасын сынады

2-февралда тартылган жана 3-февралда Түндүк Кореянын KCNA агенттиги жарыяланган бул комбинацияланган сүрөттө канаттуу ракетанв сынап жатканын тартылган.

Пхеньян ишембиде жаңы зениттик ракетасын жана канаттуу ракета үчүн жаңы дүрмөтүн сынаганын маалымдады. Сеул Түндүк Корея аны Орусиянын технологиясын туурап жасашы ыктымал экенин билдирди.

Ракетаны сыноо 2-февралда Сары деңизде болгонун Түндүк Кореянын Борбордук телеграф агенттиги кабарлады. Канча ракета, канча аралыкка атылганы тууралуу маалымдалган жок.

"Рёнхап" агенттиги Түштүк Кореянын аскер кызматкеринин сөзүнө шилтеме кылып, кеп Орусиянын С-300 жана С-400 ракеталарынын үлгүсүндө жасалган— "Понгэ-5" и "Понгэ-6" ракеталары тууралуу болуп жатканын кабарлады. Аскер кызматкери Пхеньяндын маалыматында өзөктүк дүрмөт алып жүрүүчү ракета сыналганы тууралуу сөз жоктугун белгилеген.

Украинага кол салгандан кийин Орусия Түндүк Корея менен кызматташтыгын кеңейтип, Пхеньяндан артиллериялык снаряддарды, ракеталарды жана ракеталык тактикалык комплекстерди ала баштаган.

"Рёнхап" агенттиги ракеталардын учурулушу жума күнү, жергиликтүү убакыт менен саат 11:00 ченде катталганын маалымдады.

Ушул апта башында Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары Пхеньян суу астында жүрүүчү жаңы канаттуу ракеталарын сынаганын кабарлаган. Түндүк Корея “стратегиялык” канаттуу ракеталарын өзөктүк дүрмөт ташууга ылайыкташы мүмкүн экени тууралуу маалымат тараган.
Жыл башынан бери Түндүк Корея ушул өңдүү алты сыноо өткөрдү.

Былтыр Пхеньян 37 жолу 70 чакты ракета учурган, көбү Жапония менен Түштүк Корея тарапка багытталган.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциялары Пхеньянга баллистикалык ракеталарды жана өзөктүк куралды жасоого тыюу салат. Бирок Түндүк Кореянын жетечилиги курал чыгаруу Вашингтондун жана анын шериктеринин “кас саясатына” туруштук берүү үчүн зарыл экенин айтып келет.

Дагы караңыз

Волгоградда мунай иштетүүчү ири завод өрттөндүЫсык-Көлдө бир айда кызамык жуктурган 37 адам катталдыИИМ кытай элчисинин унаасы катышкан жол кырсыгы иликтенип жатканын билдирдиЖЭБдеги кырсык: Жаңы үйлөрдү борбордук жылуулукка кошууга тыюу салынат  Украинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 миңден ашты