Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:45

Ысык-Көлдө бир айда кызамык жуктурган 37 адам катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көлдө 2023-жылы кызамык жуктурган 93 адам катталса, быйылкы бир айда эле 37 учур катталды.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева "Азаттыкка" билдиргендей, илдет өзгөчө Каракол шаарында күчөгөн.

"Каракол шаарында эле 176 бала эмдөө алган эмес. Ата-энелер арасында баласын эмдеткенден качкандар көп. Биз жакында эмдөөдөн баш тарткан ата-энелер менен жолугушуу өткөрдүк. Анда эми эмделбеген балдар мектепке, бала бакчага алынбай турган болуп сүйлөшүлдү", - деп билдирди Султанбаева.

Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Айман Курманованын сөзүнө караганда, учурда бейтапканада 12 бала дарыланып жатат. Алардын ичинен төрт наристенин абалы оор, арасында бир айлык ымыркай бар

2023-жылдын декабрь айындагы маалымат боюнча, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн кызамыкка каршы 750 миң доза вакцина алып келинген.

ЮНИСЕФ уюмунун 15-декабрдагы баяндамасына ылайык, Европа жана Борбор Азия чөлкөмүндө кызамыктын жайылышы 2022-жылга салыштырмалуу кескин өскөн.

Кызамыктан эмдөө адатта бала бир жашка толгондо жана алты жашында жасалат. Кошумча эмдөөлөр тогуз айлык ымыркайдан тартып жети жашка чейинки балдарга үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда акысыз жүргүзүлүүдө. (AsK)

XS
SM
MD
LG