Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:12

Украинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 миңден ашты


Украинадагы согушта өлгөн аскерди жерге берүү зыйнаты. Санкт-Петербург, 2022-жыл.
Украинадагы согушта өлгөн аскерди жерге берүү зыйнаты. Санкт-Петербург, 2022-жыл.

2-февралга карата Украинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 600 адамга жеткени кабарланды. Мындай эсепти "Медиазона" жана Би-би-синин орус кызматы чогуу жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасында чыгарды.

Өлгөндөрдүн ичинен 8099у – абактардан согушка тартылгандар болсо, 5216 киши мобилизациялангандар.

Акыркы эки жумада согушта өлгөн аскерлердин тизмесине 1176 адамдын аты-жөнү кошулду, алардын 15инин чини подполковниктен жогору.

Мерт болгондордун басымдуу бөлүгү Свердлов, Челябинск, Ростов облустарынын жана Бурятиянын тургундары экени кабарланды.

Иликтөөчүлөр согушта өлгөн аскерлердин санын ачык булактардан - жергиликтүү бийлик, ЖМК, маркумдардын жакындары жана көрүстөндөрдөн алынган маалыматтардан чогултулуп келет. Басылмада белгиленгендей, тизмеде өлгөндөрдүн аты-жөнү Орусияда көмүлгөндөн кеминде эки эсе аз болушу мүмкүн.

Мурдараак Американын Башкы чалгын башкармалыгынын (ЦРУ) жетекчиси Уильям Бернс Украинага кол салгандан берки аралыкта Орусиянын өлгөн жана жараат алган аскерлеринин саны 135 миңге чамалаганын айткан. Журналисттер анын божомолу чындыкка жакын болушу ыктымал дешет.

Орусия 2022-жылдын 14-февралында "атайын операция" деген ат менен Украинага толук масштабдуу согуш башатаган.

Москва да, Киев да согушта өлгөн аскерлеринин санын ачыкка чыгарбайт.

XS
SM
MD
LG