Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

ИИМ кытай элчисинин унаасы катышкан жол кырсыгы иликтенип жатканын билдирди


Элчиликтин кырсыкка кабылган автоунаасы. 1-февраль, 2024-жыл.
Элчиликтин кырсыкка кабылган автоунаасы. 1-февраль, 2024-жыл.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) 1-февралда Бишкек шаарынын Манас проспектисинде Кытайдын Кыргызстандагы элчисинин автоунаасы катышкан жол кырсыгы боюнча тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.

Бул факт боюнча кырсыкка күнөөлүү айдоочуну жана автомобилдердин техникалык абалын аныктоо үчүн соттук-автотехникалык экспертиза дайындалган.

ИИМдин басма сөз кызматы маалымдагандай, экспертизаны Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертиза кызматы жүргүзүүдө.

"Жол кырсыгына катышкан экинчи автоунаа - "Хундай-Соната" автомашинасынын тормозу (токтотуучу системасы), рулу, жүрүүчү бөлүгү жол кырсыгына чейин оң болгон, кырсыкка себепкер болушу мүмкүн эмес экени айтылууда. Автоунаанын айдоочусу И.Б. соо болгон. Ал унаасын айдап баратып үргүлөп кеткени жол кырсыкка себеп болгонун мойнуна алган", - деп жазылган маалыматта.


1-февралда Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин эки автоунаасы Бишкекте жол кырсыгына кабылган.

Кырсык Манас проспектисинде, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында катталып, элчиликтин BMW үлгүсүндөгү машинелери "Хундай Соната" автоунаасы менен кагышкан.

Расмий маалыматка ылайык, 2023-жылдын тогуз айында 4800 жол кырсыгы катталып, андан 489 адам көз жумган. 2022-жылы 7040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жараат алып, 690 адам каза болгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG