Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:46

Волгоградда мунай иштетүүчү ири завод өрттөндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын аймагына жасалган дрон чабуулунан кийин Волгограддагы ири мунай иштетүүчү "Лукойл" заводу өрттөнүп кетти. Өрт 3-февралда саат 5:00 чамасында башталып, үч сааттан кийин гана өчүрүлдү. Бийлик заводго чабуул жасаган дрон жок кылынганын маалымдады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, 300 чарчы метрдей аянттагы мунай заттар күйгөн. Облус губернатору Андрей Бочаровдун сөзүнө караганда, өрт дрон сыныгы түшкөндөн улам чыккан. "Жабыркагандар жок", - деди Бочаров.

"Лукойл" заводу Орусиядагы мунай иштетүүчү ири заводдордун бири. Ал бензин, дизелдик жана авиациялык керосинди, суу кемелери үчүн күйүүчү май иштеп чыгат.

Орусиянын Коргоо министрлиги 3-февралга караган түнү Белгороддун үстүнөн төрт, Волгограддан эки, Ростов облусунүн үстүнөн бир дрон атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Киев Орусияга жасалган чабуулдар тууралуу маалыматтарга комментарий бербейт.

Январда Орусия менен Украина бири-биринин мунай иштетүүчү заводдорун аткылашкан. Бирок анын кесепеттери тууралуу эки тарап тең ачык маалымат берген эмес.

XS
SM
MD
LG