ЖЭБде жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор

Министр Алымкадыр Бейшеналиев (солдо) менен президент Садыр Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги жарылууда жабыркагандардан кабар алды. 2-февраль, 2024.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) жарылуудан жабыркаган эки адамдын абалы оор бойдон калууда. Үчүнчү жабыркаган адамдын абалы туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында ЖЭБде жарылуу болуп, беш адам Бишкектеги "Тез жардам" борборуна түшкөн. Эки киши үйүнө дарыланууга жөнөтүлгөн, дагы экөө жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бир бейтап палатага жайгаштырылган.

Ушул тапта жылуулук борбордун кызматкерлери кырсык эмнеден болгонун аныктоо жана анын ишин калыбына келтирүүнүн аракетин көрүүдө. ЖЭБде өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

2-февралда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында ЖЭБдеги абал 5-7 күндүн ичинде жөнгө салынарын айтты.

Садыр Жапаров Бишкек жылуулук борборуна барып, кырсыктан кийин ал жайды калыбына келтирүү иштери менен таанышкан.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги жарылуу боюнча кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.(ZKo)

Дагы караңыз

Астана менен Ташкентти кыжырланткан орус пропагандасыУкраинадагы согушта өлгөн орусиялык аскерлердин саны 43 миңден аштыМуфтият ислам дини эмдөөгө каршы эместигин эскерттиЖЭБде дагы бир от казан ишке кирди